КыргызстанданЕвролос септиктеринөндүрүү

Турмуш-тиричилик саркынды сууларын биологиялык тазалоочу мыкты станцияларды жана септиктерди өндүрөбүз.

Евролос өндүрүшү кантип уюштурулган

Продукцияны даярдоонун бирдиктүү стандарттары жана так өндүрүш процесси.

Материалды сактоодон жана кесүүдөн тартып, даяр продукцияны жыйноого жана сыноодон өткөрүүгө чейин.

Өндүрүштүн ар бир баскычыбирдиктүү агымдыкпринцип менен иштейт

01
Барак түрүндөгү пластик жана тетиктер кампасы
02
Барак түрүндөгү материалды кесүү цехи
03
Продукцияны чогултуп жыйноо жана сапатты көзөмөлдөө
04
Даяр продукция кампаларына ташып жыйноо
01
Барак түрүндөгү пластик жана тетиктер кампасы
02
Барак түрүндөгү материалды кесүү цехи
03
Продукцияны чогултуп жыйноо жана сапатты көзөмөлдөө
04
Даяр продукция кампаларына ташып жыйноо

Материалдаржана тетиктер кампалары

Барак түрүндөгү пластик үзгүлтүксүз
кампага келип түшөт

Барактар чоң тетиктердин (корпустун, моюнчанын жана түбүнүн) өлчөмүнө ылайык даярдалат. Бул болсо буюмду курап жасоо убактысын кыскартат.

Николай Толстов
Кампачы

Сапат сертификаттары

Пластик барактар белгиленген үлгүдө сертификатталган жана алар санитардык-гигиеналык экспертизанын талаптарына жооп берет.

Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампаларыМатериалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары
Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампаларыМатериалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары • Материалдар жана тетиктер кампалары

Барак түрүндөгү
пластиктин

кампасы

Евролос компаниясы ай сайын 245 тоннадан ашык чийки затты иштетип, барак түрүндөгү материалдарды жана даяр продукцияны КМШнын бардык өлкөлөрүнө жеткирет.

Тетиктер кампалары

Пенофол, PPR жана канализация түтүктөрү сакталган кампа. Үзгүлтүксүз иштөөгө дайыма жетиштүү запас бар.

Бул жерде гребёнкалар,
автостоптор, шлангдар, аэраторлор
жана майда тетиктер сакталат.

Өзүнчө операциялык
кампада биологиялык жүктөм сакталат.

Электр тетиктери (аба компрессорлору, насостор, розеткалар) жылуу кампада сакталат.

Евролостун бардык өндүрүмүндө
убакыт сынагынан өткөн
жабдуу колдонулат

Аэраторлор

Түтүк түрүндөгү аэратор

Сууну кычкылтек менен байытып, биологиялык тазалоону активдештирет.

Насостор

Дренаждык насос

Тазаланган суунун айланышын жана сордурулушун камсыздайт.

Компрессорлор

Аба компрессору

Тутумдун (системанын) иштөөсү үчүн аба менен камсыздайт.

Кесүү цехи

Керемет материал кесүүдөн башталат

Бул цехте даярдалган тетиктерди сактоочу бир нече жай да бар.

Буюмдарды өндүрүү үчүн барак түрүндөгү
пластиктен тетиктерди
жасайбыз.

Жабдуулар

Форматтап кесүүчү станоктор

Горизонталдуу форматтап кесүүчү станоктор келечекте даярдалуучу буюмдардын
тетиктерин так кесет.

Санарип программалык башкарылуучу заманбап фрезердик станоктор тегерек жана фигуралуу тетиктерди кесет.

Форматтап кесүүчү станоктор 25 мм кесүү тереңдиги менен бир эле учурда бир нече баракты кесүүгө мүмкүндүк берет.

Экологияга өзгөчө көңүл бурулат. Чоң көлөм жана автоматташтыруу өндүрүштү, толугу менен кайра жаңылануучу кылууга мүмкүндүк берди.

Евролос продукциясынын 35–40% өзүбүз кайра иштеткен чийки заттан жасалат.

Кесүүдөн кийин, барак түрүндөгү полипропилендин калдыктары паллеттерге же чоң каптарга (биг-бэгдерге) чогултулуп таразага тартылат да, кайра иштетүүгө жөнөтүлөт.

Технологиялык процесстерди автоматташтыруу, тетиктердин жогорку тактыгына жетүүгө жана бир буюмду жасоо убактысын кыскартууга мүмкүндүк берди.

Куроо цехи

даяр буюм дал ушул жерде жаралат

Штаттык бригадалар септиктерди заводдун стандарттарына жана регламенттерине так ылайык курашат.

100+
ар бир даяр буюм 100дөн ашык тетиктен куралат

Барак түрүндөгү материалды кесүү менен катар айрым түйүндөр жана модулдар куралат.

Биологиялык жүктөмдүн салынма кассеталары, электр туташтыруу модулдары, аэраторлор жана эйрлифттер, капкактар жана аба компрессорун жайгаштыруучу кутулар куралат.

Эң жогорку сапаттагышаймандарды
колдонобуз

Атактуу Weldy, Leister жана Makita өндүрүүчүлөрүнүн
убакыт сынагынан өткөн шаймандары
Кол менен ширетүүчү
LEISTER экструдерлери
Weldy Energy
өнөр жай фендери

Септикти жыйноонунжолго коюлган процесси

Күн сайын эртең менен ширетүүчүлөр күнүмдүк өндүрүш планына ылайык тетиктерди алышат.Ширетүүчүлөр өндүрүштү ишке киргизүү планына ылайык тетиктерди алышат

Андан кийин аларды өздөрүнө бекитилген жыйноо үстөлдөрүнө ташып, буюмдарды жыйноого киришет.

Негизди ширетүү

Куроочу станокто цилиндр түрүндөгү бардык тетиктер: корпус, моюнча жана капкактын бир бөлүгү ширетилет.

Бөлгүчтөрдү
жана септиктин түбүн жыйноо

Түбүнө цилиндр орнотулат. Ички бөлгүчтөр куроочу ширетме тигишке жараша жайгаштырылат. Бардык бирикмелер эки тарабынан экструдер менен кылдат ширетилет.

Моюнчаны
орнотуу

Куроочу станокто жасалган цилиндр негизге ширетилет. Фаскалар жана куроочу ширетме тигиштин ашыкча бөлүгү алынат. Андан соң тетик корпуска орнотулуп, жогорку сапаттагы кол экструдери менен эки тарабынан ширетилет. Акырында керектүү технологиялык тешиктер даярдалат.Куроочу станокто жасалган цилиндр негизге ширетилет. Фаскалар жана куроочу ширетме тигиштин ашыкча бөлүгү алынат. Андан соң тетик корпуска орнотулуп, жогорку сапаттагы кол экструдери менен эки тарабынан ширетилет.

Электр жабдууларын
жана айрым түйүндөрдү орнотуу

Электр модулдары, жүктөө кассеталары, биологиялык жүктөм блогу, түтүктүү аэраторлор, эжекторлор, мажбурлап айдатуу жана компрессор кутулары орнотулат.

Жыйноо убактысы

Бир септикти жыйноонун орточо убактысы 220 мүнөттү түзөт.Ар бир буюм 100дөн ашык тетиктен турат. Ошого карабастан, бир септикти жыйноонун орточо убактысы 220 мүнөттү түзөт.

Сапатты көзөмөлдөө

Иштеп чыгарылган буюмду техникалык көзөмөл бөлүмүндө текшерип, кабыл алуу үчүн бригадирге өткөрүшөт. Буюмга сериялык номер берилет. Андан кийин станция даяр продукция кампасына жөнөтүлөт.

Жооптор

Канализацияны тандоо, орнотуу, тейлөө жана септик өндүрүшү жөнүндө.

Автономдуу канализация эмне үчүн керек?

Борбордук канализация жок жерде ал даараткана, душ жана ашканадан чыккан саркынды сууну кабыл алып, аны түсү жана жыты жок техникалык сууга чейин тазалап, участоктун өзүндө эле топуракка агызууга мүмкүндүк берет.

Шакекчеден жасалган септик жана биологиялык тазалоо станциясы бирдей элеби?

Жок. Септик саркынды сууну чогултуп туруп, аны тундуруп, андан соң сууну сордуруу же топуракта кошумча тазалоо керек. Ал эми станция - саркынды сууну, герметикалык корпустун ичинде тазалайт. Сууда микроорганизмдер иштетилип чыгып, аба кычкылтеги менен каныгат.

Септик менен станциянын ортосунда кайсы бирин тандоо керек?

Үйдө канализацияны канча адам колдоноорун, канчалык үйдө көп убакыт болоорун, участоктогу топурактын түрүн жана жер астындагы суунун тереңдигин эске алуу керек. Септик үчүн кудук менен үйдүн ортосунда санитардык аралык жана топуракты кошумча тазалоо үчүн орун болуш керек. Ассенизатор унаасы кире алганга мумкунчулу болушу зарыл. Ал эми станция үчүн талаптар азыраак.

Ассенизаторду улам чакырып туруш керекпи?

Жок. Биологиялык тазалоо станцияны, топтоочу чуңкур же бетон септик сыяктуу толгон сайын тазалоо керек эмес. 1-2 жылдын ичинде 1 жолу техникалык тейлөөдөн өтүлөт: чөкмөнү чыгарып, ички жабдуу жуулат.

Септиктин жана орнотуунун баасы башынан аягына чейин канча болот?

Баасы үйдө жашаган кишинин санына жана участоктун шартына карап эсептелет. Аны өлчөөчү инженер, септик орнотула турган жерди өлчөп, баасын аныктап берет. Жабдуу, жеткирип берүү, жер казуу иштери, түтүктөр, монтаж жана ишке киргизүүнүн толук эсеп баасы - жыйынтыктоочу сунушта көргөзүлөт.

Септиктер кайсыл жерде өндүрулөт?

Кыргызстандагы өндүрүш менен кампа, Чүй аймагындагы Москва районунун Александровка айылында Фрунзе 66Б көчөсүндө жайгашкан. Бул жерде өндүрүштүн негизги этаптары камтылган: материалдарды сактоо, тетиктерди кесүү, чогултуу жана даяр буюмдарды текшерип өткөрүү.

Септиктин корпусу кандай материалдан жасалат?

Корпус монолиттүү барак түрүндөгү полипропиленден жасалат. Материал санитардык-гигиеналык экспертизанын талаптараны толук туура келип, сапат сертификатына ээ.

Корпустун тетиктери кантип бириктирилет?

Барак түрүндөгү материал тетиктерди, кесүүчү жабдуу менен экструзиялык ширетүү ыкма аркылуу бириктирилет. Цилиндр түрүндөгү тетиктерди, түйүштүрүүчү станокто ширетишет. Түбүн, ички бөлгүчтөрү жана моюнчасы кол экструдери менен эки тарабынан ширетилет. Даяр буюм техникалык көзөмөл бөлүмүнүн текшерүүсүнөн өтүп, сериялык номер алат.

Пластиктин калдыктары эмне болот?

Кесүүдөн калган полипропилен калдыктары чогултулуп, таразага тартылат жана кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Евролос продукциясындагы өзүбүз кайра иштеткен чийки заттын үлүшү 35–40% түзөт. Бул материалдарды үнөмдүү пайдаланууга, калдыктарды азайтууга жана жаңы пластикке болгон муктаждыкты төмөндөтүп, жаратылыш ресурстарын сактоого жардам берет.

Өндүрүш жана даяр продукция кампасы

Кыргыз Республикасынынын Чуй аймагындагы, Москва районуна караштуу Александровка айылы. Дареги: Фрунзе 66Б көчөсү

Шаардан тышкары даыңгайлуу шартта жашоого болобу?

Албетте,Евролос менен болот 👍

© 2015—2026, Евролос - жеке үйлөр үчүн септик жана саркынды сууларды биологиялык тазалоо тутумдары

Евролос автономдуу канализациясы - шаар сыртындагы уйлөр үчүн ишенимдүү чечим. Ар бир кардарга жекече мамиле. Кышында да, жайында да, топурактын түрүнө жана жер астындагы суунун деңгээлине карабастан бир күндө орнотуп беребиз.